Ошто майыптар үчүн курулган көп кабаттуу үйлөрдүн лифттери жок
Ошто мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн курулган көп кабаттуу үйлөрдүн лифттери жок. Бул тууралуу «Азаттыктын» аймактык кабарчысы кабарлады.
Ош мэриясынан бул маалыматты тактап бере тургандыктарын убадалашты.
1-октябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекетттик комитет Ош шаардык мэриясынын бир катар кызмат адамдарына кылмыш ишин козгоду. Тергөөнүн версиясы боюнча мэрия берген үйдөн батир алган сегиз адамдын кыймылсыз мүлкү жоктугу тууралуу маалымкаты жасалма болгон. Дагы 32 адам Оштон батир алганга чейин эле Ош, Жалал-Абад, Бишкек шаарларында өздүк турак жайларда жашап келишкен.