16:15, 02 октября 2018, 24.kg

Мавлян Аскарбеков: Мага сунуш түшкөндө көпкө ойлондум

Жарандык активист Мавлян Аскарбеков 24.kg агенттигине эмне үчүн Биринчи Май райондук акимиатында аткаминер болууну чечкендиги тууралуу айтып берди.

Эске салсак, бүгүн аны мэр Азиз Суракматовдун жарлыгы менен акимдин орун басары кылып дайындашты.

Мавлян Аскарбековдун айтымында, ага мурда эле Эмгек жана социалдык министрлигинен ар кандай кызмат сунуштап келишкен, бирок ал макул болгон эмес. «Азыр бийлик алмашты. Мурунку жетекчилик менен пикир келишпестиктер болгон. Эми иштеп көрүүнү чечтим, мага сунуш түшкөндө көпкө ойлондум. Акимиатта аткаруучулар отурушат», -деди Мавлян Аскарбеков.

Ал кошумчалагандай, расмий түрдө жамаат менен тааныштыруу иши эртең болот.

Кошумчалай кетсек, Мавлян Аскарбековдун кылмыш иши Жогорку соттун чечими менен кыскартылды.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18