15:08, 02 октября 2018, 24.kg

Жаңы дайындоолор. Бишкек мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр орун алууда

Бишкек мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр орун алууда. Тиешелүү жарлыкка мэр Азиз Суракматов кол койду. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, «Бишкекжашылдандыруу» мекемесинин директору болуп Элнура Жолдошева дайындалды. Буга чейин ал ишкананын башкы агроному болуп иштеген. Мурунку жетекчиси Алымжан Усубахунов өз ыктыяры менен кызматтан кетүү тууралуу арызын жазган болчу.

Капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы болуп Уланбек Азыгалиев дайындалды. Мурунку жетекчи Нурлан Эшенбаев дагы өз ыктыяры менен кызматтан кетүү тууралуу арызын жазган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18