Чолпон-Атада милиция муунтуп өлтүрүлгөн 9 жаштагы баланын сөөгүн тапты
«Милиция баланы издеп жатканда, жергиликтүү тургундар көлдүн жээгинде баланын жансыз денеси жатат деп билдиришкен. Окуя болгон жерге тартип сакчылары барып, баланын муунтуп өлтүрүлгөнүн аныкташты. Тестиердин мойнунда мүшөк оролуп калган. Аталган факт боюнча териштирүү башталды», — деп билдиришти ОИИБдан.