11:15, 02 октября 2018, 24.kg

Шаардыктар жаңы ачылган мечитте окулган азандын катуу үнүнө кайрадан нааразы

Бишкектин тургундары жаңы ачылган мечитте окулган азандын катуу үнүнө кайрадан нааразы болушууда. Фейсбук социалдык түйүнүнүн колдонуучусу Зульфира Хайбуллина түнкүсүн мечиттин жанында тартылган видеону жарыялады.

«Бир канча күндөн бери тынчып калган, эми кайра катуу угула баштады. КМДБнын жообу шылдың сыяктуу болгондой. Көрсө мечитте 4 имам иштейт экен, алардын баарынын өткөндөгү буйруктан кабары жок экен. Азанга каршы эч нерсе дебейм, ал тургай жагат. Бирок, түн ичинде кулакты жарчудай катуулугу тоскоолдук жаратып жатат», — деди Зульфира Хайбуллина.

Эске салсак, буга чейин дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия азандын үнүн керектүү деңгээлге түшүргөнүн айткан.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18