10:51, 02 октября 2018, 24.kg

Бишкектиктер жер аянттарын каттоого алуу укугун кайтарып берүүнү талап кылышууда

Бишкектин тургундары турак-үйлөрдүн жанындагы жер аянттарын каттоого тыюу салуу тууралуу өкмөттүн токтомун жокко чыгаруу талабы менен митингге чыгышты. 

«Биздин укук» коомдук фондунун төрайымы Калича Умуралиеванын айтымында, өкмөттүн мындай токтому куруучулардын кызыкчылыгы үчүн кабыл алынган.

«Эми көп кабаттуу үйлөрдүн жашоочулары үйдүн жанындагы жер аянты үчүн кызыл китеп ала алышпайт. Соттук териштирүүлөр боло турган болсо, сот аталган жер жашоочуларга тиешелүү эмес деп таап, аны мыйзамдын негизинде алып коюушу мүмкүн», — деди ал.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18