09:34, 02 октября 2018, 24.kg

Токко урунуп 2 колунан ажыраган жоокер үчүн протез алынып келинди

№ 30295 аскер бөлүгүндө токко урунуп, эки колунан ажыраган жоокер Руслан Сапарбаев үчүн автоматтык протез Түштүк Кореядан алынып келинди. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Башкы штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, азырынча бир гана протез акысыз алынып келинди. Анткени, алгач жоокердин бир гана колу кесилген эле.

«Бирок, биз экинчи протез тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Аны дагы кайтарымсыз түрдө беришет деп ойлоп жатабыз. Протездин баасы 60 миң долларды түзөт», -деп жазылат маалыматта.

Эске салсак, жоокер токко урунуп, кесепетинен 2 колун кестирүүгө аргасыз калды.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18