17:56, 01 октября 2018, 24.kg

ЖЭБдеги кырсык. Айбек Калиев камакта калтырылды

Жогорку сот Улуттук энергохолдингдин мурунку башчысы Айбек Калиевди камакта калтыруу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Жогорку соттон билдиришти.

Маалыматка ылайык, Айбек Калиев жемкорлукка айыпталууда. Ал 19-апрелде соттолгон. Камакта «Электрдик станциялар» ААКнын башкы директору Салайдин Авазов дагы отурат.

Мындан тышкары, Бишкек ЖЭБдеги кырсык боюнча айыпталып мурунку премьер-министр Сапар Исаков, Энергетика министрлигинин мурунку башчысы Осмонбек Артыкбаев, мурунку өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев жана экс-мэр Кубанычбек Кулматов камакта отурушат.

Маалыматка караганда, Айбек Калиевди үй камагына чыгаруу тууралуу өтүнүчтү сот аткарган жок.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18