Пенсиянын өлчөмү көбөйтүлөт
Кыргызстанда пенсиянын өлчөмү көбөйтүлөт. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков менен премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин жолугушуусунда маалым болду.
Премьер-министр президентке үстүбүздөгү жылдын 1-октябрынан тартып пландаштырылган пенсияны жогорулатууга даярдык тууралуу маалымат берди.
Мухаммедкалый Абылгазиев ошону менен катар 2018-жылдын 1-октябрынан тартып стимулдаштырылган төлөмдөрдүн эсебинен үй-бүлөлүк дарыгерлердин, жалпы практикадагы дарыгерлердин, үй-бүлөлүк медициналык айымдардын жана фельдшердик-акушердик пункттардын орто медициналык кызматкерлеринин айлык акылары жогорулатылат деп маалымдады.