14:04, 01 октября 2018, 24.kg

Кыргызстанда пенсиянын орточо өлчөмү 5550 сомду түзөт

Кыргызстандын карылар тууралуу мыйзамынын негизинде эркектер — 63, аялдар- 58 жашынан баштап кары болуп эсептелет. Бул тууралуу Социалдык өнүгүү министринин орун басары Лунара Мамытова социалдык баракчасына жазды.

Бүгүн Кыргызстандын аймактарында карылар күнү белгиленүүдө.

«Бүгүнкү күндө өлкөдө 478,7 миң кары киши бар, алар жалпы жарандардын санынын 7,6 пайызын түзөт. Ал эми Соцфонддо каттоодо 633,9 миң пенсионер туруп, пенсиянын орточо өлчөмү 5550 сомго жетет. Учурда пенсияга укугу жок 1576 кары жаран социалдык коргоого алынып, айына социалдык жөлөкпул алып келет», -деп жазган Лунара Мамытова.

Маалым болгондой, аталган министрликте 17 социалдык стационардык мекеме иштеп, анда 2382 жаранга кызмат көрсөтүлөт. Алардын 405и кары жарандар. Жыл сайын 15-сентябрдан 15-октябрга чейин республика аймагында карыларга камкордук көрсөтүү максатында бир айлык уюштурулуп келет.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18