13:49, 01 октября 2018, 24.kg

Тажикстанда авариядан жети этникалык кыргыз набыт болду

Тажикстандын Лахш районунда (мурунку Жергетал) жол кырсыгынан жети этникалык кыргыз набыт болду. Алар Кошой айлында жашашкан.

Маркумдардын Кыргыстанда жашаган тууганы Мирхажидин Мамуровдун айтымында, трагедия 30-сентябрда болгон. Каза тапкан жарандар картошка казып, тоодон түшүп келе жатышкан. Жолдо машина аварияга кабылган.

Жол кырсыгынын кесепетинен Темирбай Шарапов жана анын үч уулу, Насир Шарапов баласы жана тууганы менен мерт болгон.

«Азаттыктын» тажик кызматы укук коргоо органдарына таянып билдиргендей, дагы беш адам жаракат алган, алардын экөө оор абалда. Айдоочу Сунатулло Юсупов дагы жаракат алып, ооруканага жеткирилген.

Ар кыл маалыматтар боюнча Тажикстанда 55 миңдей этникалык кыргыз жашайт, алардын басымдуу бөлүгү Лахш жана Мургаб райондорунда отурукташкан.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18