13:47, 01 октября 2018, 24.kg

Кыргызстанда кызылча оорусуна чалдыккандар 429га жетти

Кыргызстанда жыл башынан бери кызылча оорусуна чалдыккандардын саны 429га жетти. Саламаттык сактоо министрлиги тараткан маалыматка караганда, ооруну жуктургандар көбүнчө Бишкек шаарында жана Чүй облусунда катталууда.

Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысованын «Азаттыкка» айтканына караганда, Кыргызстанга кызылчага каршы эмдөө жүргүзүш үчүн 30 миң доза вакцина алынды.

«Ооругандардын 45% эмделбеген, бир жашка чейинки ымыркайлар болуп жатат. 5-6 жашка чейинки бир дозасын алган балдар ооруп жатат. Чоңдор арасында жана мектеп окуучуларынын арасында ооругандар жок. Азыр бир жашка чейинки балдар сасык тумоо болсо үйүндө кармап дарылабай, ооруканага алып барып жатышат. Ал жактан аба аркылуу кызылча жугуп жатат», — деди ал.

Буга чейин айрым ата-энелер балдары сасык тумоо менен ооруканага жатып кызылча жугузуп алышканын айтып, «Азаттыкка» кайрылышкан.

Ишенапысова 2017-жылдын декабрь айында кызылча оорусу Орусиядан келген мигранттардын балдарынан башталып, азыр аны жугузуп алгандар арбып бара жатканын белгиледи.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18