Орусиянын Сириядагы операцияларынан миңдеген адам өлдү
Акыркы үч жыл ичинде орус аскерлеринин Сириядагы операцияларынан 18 миңден ашык киши, анын ичинде сегиз миң жай тургун, үч миңден ашык аял жана балдар мерт болду. Бул тууралуу жекшембиде Сириядагы адам укуктарынын сакталышына көз салган мониторинг борбору кабарлады.
Укук коргоочулардын маалыматына караганда, 2014-жылдан бери Орусия Сириянын президенти Башар Асадга көзөмөлүндөгү аймактарды эки эсеге кеңейтүүгө жардам берди.
Өз кезегинде Москва үч жыл ичинде Сириядагы операцияларда 85 миң террорчу жок кылынганын билдирүүдө.
Буга чейин америкалык чиновниктер АКШ башында турган Коалициянын «Ислам мамлекетине» каршы операцияларынан 1100дөн ашык жай тургун каза болгонун билдиришкен. Бирок укук коргоочулар бул сандар алты эсе көп деп эсептешүүдө.
Орусия расмий түрдө Сириядагы жаңжалга үч жыл мурда, 2015-жылдын 30-сентябрында катыша баштаган. Москва мындай кадамга Дамаск терроризмге каршы күрөштө жардам сурагандыктан улам барганын билдирген. Бирок Сириянын оппозициясы менен батыш өлкөлөрү Кремлдин чыныгы максаты Асадга каршылык көрсөтүп жаткан тарапты басып, анын өкмөтүн сактап калуу экенин билдиришкен.