08:33, 30 сентября 2018, 24.kg

Ботаникалык бактын негизделгенине 80 жыл толду

Бишкектеги Э. Гареев атындагы ботаникалык бактын негизделгенине 80 жыл толду. Анын урматына аталган жайда иш-чара уюштурулду. 

Photo 88983

Көргөзмө-жарманкеге ботаникалык бакта өстүрүлгөн жемиш бактардын мөмөлөрү, дары чөптөр, азык-түлүк продукциялары коюлду. Мындан тышкары келген маймандар кол өнөрчүлөрдүн эмгектерине күбө болушту. 

Иш-чаранын жүрүшүндө концерттик программа тартууланды.

Мөмөлүү бактар лабораториясынын илимий кызматкери Имаралиева Дилдекан 24.kg агенттигине билдиргендей, ботаникалык бакта өстурүлгөн алма сортторун көргөзмөгө алып келишкен. Айтымында, 60 гектар мөмөлүү бак аянтында учурда 8 кызматкер эмгектенет. Анда алмуруттун 62 сорту, алманын 195 сорту өсөт. Ал эми колекцияда адистер атайын чаңдаштырып жасалма жол менен алган алманын 300, кара өрүктүн 309 түрү бар.

Photo 88988

«60 гектарда 8 кызматкердин иш алып баруусу аздык кылат. Учурунда бул жайда 100 жумушчу, 40 илимий кызматкер иштеген. Илимий кызматкердин айлыгы 6 миңге жетпейт. Мындан улам, кадр маселеси курч турат. Бул жакта пенсия курагында иштегендер да бар», -деди илимий кызматкер.

Ботаникалык бактын дары чөптөр боюнча кызматкери Назира Арыкбаеванын айтымында, бактын аймагында 170 түр дары чөп өсөт. Анын 95 түрү Кыргызстандын аймагынан, калгандары чет жерден алынып келинген. 

Photo 88986

«Мындагы дары чөптөрдүн дээрлик баардыгы дарыканаларда сатылат. Мындан тышкары бакта дарылык касиети бар бадалдардын түрү долоно, ит мурун өсөт. Алардын ар бирин кутуга салып, сыртына кантип даярдап, колдонуу керектиги тууралуу маалымат жазабыз. Бул жактын айлык акысы абдан аз. Жакында эле президент Сооронбай Жээнбеков келип ишембиликке катышып кетти. Ал маяна акыны көтөрүү тууралуу убада берди. Буга чейин деле айлыкты көбөйтөбүз деп сөз берип келишкен. Эми мамлекет башчысынын убадасы аткарылып калабы деп үмүт кылып жатабыз», -деди ал.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18