16:46, 28 сентября 2018, 24.kg

Казакстанда журналистти өлтүрүүгө шектелген киши кармалды

Казакстан Ички иштер министрлиги журналист Ирина Бекетованы өлтүрүүгө шектелген кишинин кармалганын билдирди. Мекеменин маалымат кызматы кабарлагандай, шектүү Акмоло облусундагы каралбай калган имараттардын биринен табылган.

Журналисттин өлүмүнө анын жарандык күйөөсү, 34 жаштагы Астана шаарынын жашоочусу Анатолий Гусейнов айыпталууда. Полициянын версиясы боюнча окуя болгон күнү түгөйлөрдүн ортосунда жаңжал чыккан. Андан соң эс-учун жоготкон аялды күбөлөр подъезден табышып, «тез жардам» чакырышкан.

Шектүү убактылуу тергөө абагына киргизилди. Тергөө иштери башталды.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18