11:05, 28 сентября 2018, 24.kg

Депутат ЕАЭБге кирген Кыргызстан четте калып калат деп тынчсызданууда

Жогорку Кеңештин депутаты ЕАЭБге кирген Кыргызстан четте калып калат деп тынчсызданууда. Бул тууралуу КСДП фракциясынын отурумунда анын лидери Иса Өмүркулов билдирди.

Айтымында, коңшу өлкөлөр Кыргызстанга өз товарларын киргизип толтуруп салышты. «ЕАЭБге киргенден кийин биз четте калбашыбыз керек. Бизге Беларусиядан сүт азыктарын алып келип жатышат. Эгерде чек араны жаап койсо, анда эмне болот? Азык-түлүк коопсуздугун камсыздай алабызбы?», — деди Иса Өмүркулов.

Ал кошумчалагандай, өкмөттө стратегия жок, мындан улам экономика өнүкпөй жатат. Ал эми ири ишкерлер четке чыгып кетишүүдө.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18