16:16, 27 сентября 2018, 24.kg

Келээрки жылдан тартып өлкөгө абаны булгай турган күйүүчү май киргизилбейт

Келээрки жылдын август айынан баштап Евразиялык экономикалык биримдиктин талабына жооп бербеген, абаны булгай турган күйүүчү-майлоочу май өлкө аймагына киргизилбейт. Бул тууралуу парламенттик отурумда «Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө» жана «Экологиялык экспертиза жөнүндө» мыйзамдарга киргизилген өзгөртүүлөр талкууга алынып жатканда маалым болду.

Депутаттар акыркы убакта калк жыш жашаган аймактарда абанын булгануусу күч алгандыгын айтышты.

Экологдордун маалыматына караганда, акыркы учурда унаа каражаттарынын саны көбөйгөнү менен атмосфераны бузган заттар азайганы байкалууда. Буга жылуулук борборду модернизациялоо себеп болгону айтылууда.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18