13:30, 27 сентября 2018, 24.kg

Казакстанда эки полиция кызматкери жаңжалдашып, бирөөсү каза болду

Алматыда кесиптеши менен жаңжалдашып, атылган октон жаракат алган полиция кызматкери ооруканада каза болду. Бул тууралуу өлкөнүн Ички иштер департаментинен билдиришти.

Бүгүн өлкөнүн ички иштер министри Калмуханбет Касымов эки полиция кызматкеринин ортосундагы жаңжал бирөөсү түңкү нөөмөткө келген маалда болгонун айтты.

«Аны менен нөөмөтүн тапшырганы келген кызматкердин ортосунда жаңжал чыгып, ок атылган. Жабырлануучу саат 21:00дө каза болду», — деди министр.

Тергөө иши «Адам өлтүрүү» беренеси боюнча башталды. Мындан тышкары бул факты боюнча жеке коопсуздук департаменти дагы иликтөө иштерин жүргүзүүдө.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18