11:19, 27 сентября 2018, 24.kg

1-октябрда Эл аралык карылар күнүнө карата иш-чара уюштурулат

1-октябрда Эл аралык карылар күнүнө карата иш-чара уюштурулат. Бул тууралуу Бишкектеги ден соолукту чыңдоо борборунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чаранын жүрүшүндө скандинавия басыгы боюнча мелдеш, флешмоб уюштурулат. Жыйынтыгында катышуучуларды сыйлоо аземи болуп, концерттик программа коштойт. Мындан сырткары катышуучулардын кан басымын текшерип туруу үчүн, тез жардам тобу нөөмөттө болот.

Аталган иш-чара Ахунбаев көчөсүндө жайгашкан Э. Гареев атындагы Ботаникалык бакчада өтөт. Анын негизги максаты- жашоонун сергек мүнөзүн пропагандалоо, коомчулукту жаш өзгөчөлүгүнө карабай спортко тартуу.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18