09:44, 27 сентября 2018, 24.kg

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев элчи Кылычбек Султанды колдоого алды

Кыргызстандын Кореядагы элчиси Кылычбек Султандын билдирүүлөрүнө Тышкы иштер министри реакция жасашы керек. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 26-сентябрда өкмөттүн жыйынында билдирди.

Өкмөт башчысы элчи бир нече жолу ар кандай билдирүүлөрдү жасагандыгына карабай, ТИМ жоопсуз калып жатканын белгиледи.

«Биз «Ачык өкмөт» программасын ишке ашырып жатабыз. Бул биздин бардык ишибиз ачык болушу керек дегенди түшүндүрөт. Эгерде аны аткара албасак, анда мамлекеттик кызматты таштайлы. Кайсы жерде жүрбөйлү, мамлекеттик иш сапарбы же салтанаттуу иш-чарадабы, жүрүм-турумубуз үлгүлүү болушу шарт. Тилекке каршы, арабызда ушундай кызматкерлер бар, алардын айынан иштин баары жарабай калып жатат. Сын уккубуз келбесе, ошого жараша өзүбүздү алып жүрүшүбүз керек», — деди ал.

Эске салсак, Кылычбек Султан маалымат жыйында Кыргызстандын Малайзиядагы элчилигиндеги мыйзам бузуулар тууралуу айтып чыккан. ТИМ ага жооп иретинде, элчинин өзү туура эмес кадамдары боюнча маалымат бар экенин билдирди.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18