17:20, 26 сентября 2018, 24.kg

Министрликтердин бюджеттик чыгашаларын 14 миллиард сомго кыскартуу пландалууда

2019-жылы министрликтер менен ведомстволордун бюджеттик чыгашаларын 14 миллиард сомго кыскартуу пландалууда. Бул тууралуу өкмөттүн отурумунда Каржы министри Адылбек Касымалиев айтып чыкты.

Анын берген маалыматына караганда, келээрки жылы мамлекеттик бюджеттен 8 жаңы долбоор каржылана турган болууда. Учурда алар координациялык кеңештин кароосунда турат. Муну менен катар министрлик чыгымдарды азайтууну пландап жатат.

«Аталган маселе боюнча министрликтер менен макулдашуулар жүрүп жатат, анткени бюджеттин көп көлөмү көпчүлүк министрликтерде пайдаланылбай калууда. Негизинен каржылоо энергетика, транспорт, социалдык тармак, саламаттык сактоо, билим берүү жана суу менен камсыз кылуу тармактарында кыскартылат», — деди Адылбек Касымалиев.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18