14:56, 26 сентября 2018, 24.kg

Бишкектеги «Оберег» реабилитациялык борборунун уюшулганына 15 жыл толду

Бишкектеги «Оберег» реабилитациялык борборунун уюшулганына 15 жыл толду. Бул датанын урматына аталган борбордун жамааты жана тарбиялануучулары Ч.Айтматов айтындагы Орус драма театрында салтанаттуу иш-чара уюштурушту. Анда келген меймандарга тарбиялануучулар өз өнөрлөрүн тартуулашты. Мындан сырткары көргөзмө-жарманке уюштурулду.

Аталган борбордун кызматкери Жумагүл Молдосапиеванын 24.kg агенттигине берген маалыматына караганда, борбордо мүмкүнчүлүгү чектелген 49 бала тарбияланууда. 3 жаштан 30 жашка чейинки балдар окуу сабактарынан тышкары сүрөт тартуу, кол эмгек ийримдерине катышышат. 

Photo 88501

«Биздин борбордо психолог, логопед жана башка адистер иштешет. Алардын жалпы саны 22. Мындан тышкары дем алыш күндөрү ыктыярчылар, бала багуучулар жана демөөрчүлөр келип кол кабыш кылышат», -деди Жумагүл Молдосапиева.

Айтымында, мында өлкөнүн булуң-бурчунан келгендер бар. Жатып окугандардын саны 17ге жетти.

«Мурунку мэр Албек Ибраимовго өзгөчө ыраазычылык айтабыз, анткени бизге жаңы имарат бөлүп берген. Бул жакта тубаса шал оорусу менен жабыркагандар, аутист, даун синдрому менен ооругандар бар. Алар инклюзивдик мектептерге барат», -деди ал.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18