14:37, 26 сентября 2018, 24.kg

Мамытов: «Ата-Мекен» фракциясынын депутаты Бахадыр Сулайманов Казакстан жараны

Жогорку Кеңештин «Ата-Мекен» фракциясынын депутаты Бахадыр Сулайманов Казакстандын жараны. Бул тууралуу бүгүн парламенттин жыйынында Акыйкатчы кызматына талапкер, Коопсуздук кеңешинин мурдакы катчысы Токон Мамытов билдирди.

Анын айтымында, Бахадыр Сулаймановдун Казакстандын жарандыгы экендиги тууралуу маалыматтар Боршайкомго өткөрүлүп берилди.

«Казакстандын ички иштер министрлигинен дагы жооптор бар. Анын баары ИИМ жана Башкы прокуратурага берилди», — дейт Токон Мамытов.

Белгилей кетсем, буга чейин ЖКнын депутаты Дамирбек Асылбек уулунун Казакстандын жараны экендиги аныкталып, мандаты алынган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18