12:21, 26 сентября 2018, 24.kg

Тажикстанда кош бойлуу келин өзүнө өрт койду

Алты күн мурун өзүнө кол салган Куляб шаарынын жашоочусу Фарзона Гуломова кайненеси жана кайын сиңдиси суицидге жеткиргенин билдирди. Анын айтымында, экөө аны дайыма кысымга алып турушкан, акыркы сапар ал буга чыдай алган эмес.

Фарзонанын айтымында, терагедия болгон күнү үйдө 150 сомони (16 доллар) жана телефон жоголгондуктан, жаңжал чыккан. Кайын-журту бул үчүн келинди күнөөлөшкөн. «Мен чыдай алган жокмун, күйөөмө ажырашалы же үй салганча батирге чыгалы деп айттым. Бул маалда кайненем кирип келип: «эшикке чыгарып кой, сени башкага үйлөнтөбүз деди», — деп билдирди Фарзона Гуломова.

Жабырлануучунун күйөөсү жаңжал кызганычтан улам чыкканын жана аялы эртең менен өзүнө кол салганын билдирди. Ал жубайын сабаганын мойнуна алган жок.

Үй-бүлөдөгү башка келиндин айтымында, мындан бир нече күн мурун үйдө кайненесинин алтын чынжыры жоголгон. Ал келиндерин суракка алып, жаңжал чыгарган.

Укук коргоо органдары окуяны иликтөөдө.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18