11:50, 26 сентября 2018, 24.kg

Өкмөт согушта каза болгондордун үй-бүлөлөрү үчүн каражат таппай жатат

Өкмөт Улуу Ата-Мекендик согушта каза болгондордун үй-бүлөлөрү жакындары көмүлгөн жерлерге барып келүүлөрү үчүн акча таппай жатат. Бул тууралуу парламенттик отурумда маалым болду.

Депутат Наталья Никитенконун айтымында, министрлер кабинетинин аткаминерлери билдиришкендей 20 миллиард сом эмес, жылына болгону 3 миллион сом керектелет.

«Бул эсепти ким жүргүзгөн? Квотаны түзүп каражат бөлсө болот да? Тарых же маданият тууралуу кеп болгондо эле, эч кимге эч нерсе кереги жок болуп калат. Биз эмне согуштун ардагерлеринен үнөмдөйбүзбү?», -деди депутат.

Аны «Ата Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов колдоп чыкты. Айтымында, бул өкмөттүн жоопкерсиздиги.

«Тойлорго 10 миллион сомдон коротобуз, ал эми согушта каза болгондордун жакындарына ата-бабаларынын жаткан жерин көрүп келүүгө акча жок дейбиз. Ушундай кантип болсун?», -деп нааразы болду Алмамбет Шыкмаматов.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18