08:36, 26 сентября 2018, 24.kg

Ташкент мэриясы мамкызматкерлерди гимнастикалык көнүгүүлөрдү жасоого чакырды

Ташкент шаардык акимчилиги министрликтер менен мекемелерди кызматкерлерин системалуу түрдө гимнастикалык көнүгүүлөрдү жасатууга чакырды. Бул тууралуу мэрия Фейсбуктагы баракчасына жазды.

«Ташкент шаардык акимчилиги менен Шаардык дене тарбия жана спорт башкармалыгы бардык министрликтер менен мекемелерди жуманын бир күнүн Спорт жана ден соолук күнү деп белгилеп, «15 мүнөттүк физикалык тарбия» акциясына активдүү катышууга чакырат», — деп жазылган мэриянын билдирүүсүндө.

Акимчилик жумуш күнү узакка созулган мекемелерде чарчоонун алдын алууга жана кызматкерлердин духун көтөрүүгө багытталган гимнастикалык көнүгүүлөрдү жасоо системасын киргизүүнү сунуштады.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18