Күрөштүн түрлөрү боюнча 2019-жылкы дүйнө чемпионаты Астанада өтөт
Күрөштүн түрлөрү боюнча 2019-жылкы дүйнө чемпионаты Астанада өтөт. Бул тууралуу Грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшүнүн эл аралык федерациясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, мелдештер 14-сентябрдан 22-сентябрга чейин Астанадагы спорттук комплексте өтөт.
«Астана биздин спортчулар, машыктыруучулар жана күйөрмандар үчүн мыкты иш-чара өткөрүп берээрине ишенем», — деп билдирди UWW президенти Ненад Лалович.
«Спорттук күрөш боюнча дүйнө биринчилиги ири окуя болуп эсептелет. Ал Казакстанда жана аймакта күрөштүн бул түрүнүн популярдуулугун арттырууга түрткү болот», — деди Казакстандын грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча федерациясынын президенти Сауат Мынбаев.