15:28, 25 сентября 2018, 24.kg

«Ысык-Көл-Антитеррор-2018» машыгуулары башталды

25-сентябрда КМШга мүчө мамлекеттердин компоненттүү органдарынын «Ысык-Көл-2018» машыгуусу башталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин маалымат бөлүмү кабарлады.

Анын жүрүшүндө «Ысык-Көл» эл аралык аэропортунан барымтага алынган учакты кондурууга мажбурлоо, тероррчулардын иш-аракеттерине бөгөт коюу жана барымтага алынгандарды бошотуу боюнча терроризмге каршы операциясы аткарылды. Аны УКМКнын, куралдуу күчтөрдүн башкы штабы, ИИМдин атайын бөлүмдөрү менен биргеликте жүргүздү.

Мындан сырткары ӨКМдин бөлүмдөрү теракт кесепеттерин минималдаштыруу иш-аракеттерин өткөрүштү. Анын алдында террорчулукка каршы машыгуулардын алкагында Чолпон-Атада жыйын өттү.

26-сентябрда «Эдельвейс» полигонунда Кыргызстандын чек арасы аркылуу келген мыйзамсыз куралданган террористтерди жок кылуу боюнча аскер операциясы өткөрүлөт. Анда Кыргызстандын жана Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн авиациялык тобу катышат.

Машыгуу 2017-2019—жылдарга карата түзүлгөн терроризм жана экстремизмдин башка зомбулук көрүнүштөрү менен күрөшүү боюнча КМШга мүчө мамлекеттердин кызматташуу программасына ылайык өтүп жатат. Ага Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Орусия, Тажикистан жана Өзбекстандын күч кызматтарынын өкүлдөрү катышууда. Машыгуулардын биринчи этабы ар бир өлкөнүн өзүндө өткөн.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18