14:46, 25 сентября 2018, 24.kg

Токко урунуп 2 колунан ажыраган жоокер Руслан Сапарбаев үчүн атайын эсеп ачылды

Токко урунуп эки колунан ажыраган жоокер Руслан Сапарбаев үчүн атайын эсеп ачылды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Башкы штабдан билдиришти.

Маалыматка караганда, эсепке 200 миң сом түштү.

«Аскер бөлүктөрүнүн кызматкерлери күн сайын колунан келишинче акча алып келип жатат. Биз азырынча айлык ала элекпиз, акча тиери менен бир күндүк айлык акыбызды которуп беребиз», — деп билдиришти Башкы штабдан.

Жаңы автоматташтырылган кол протездери Түштүк Кореядан заказ менен келет. Учурда жоокер дарылануусун улантууда.

Эске салсак, 19-августта Майлуу-Суу шаарында № 30295 аскер бөлүгүнүн жоокерин ток тартып, кесепетинен 2 колунан тең ажырады.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18