11:19, 25 сентября 2018, 24.kg

Мамлекеттик тойлорго тыюу салуу сунушталууда

Мамлекеттин эсебинен өткөрүлгөн мааракелерге убактылуу тыюу салуу сунушталды. Бул тууралуу депутат Акылбек Жамангулов «Парламент» радиосуна берген маегинде билдирди.

Эл өкүлүнүн маалыматында, быйылкы жылдын бюджетинде 105 маараке каралган.

«Мисалы, ошол тойлорго кеткен чыгымдарга андан көрө бала бакча , мектеп курулса коомго бир топ пайдалуу болмок. Мааракелерди такыр өткөрбөй коюш керек дегенден алысмын. Бирок, ошол мааракелерди башкача тартип менен уюштуруунун жолдорун издесек болот. Айталы, китеп жазып, фильм тартып жаштарга белек кылса жакшы», — дейт Акылбек Жамангулов.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18