10:38, 25 сентября 2018, 24.kg

ТИМ Кылычбек Султандын өзүн мыйзам бузууларга айыптады

Кыргызстандын Корея Республикасындагы элчиси Кылычбек Султандын туура эмес иштери тууралуу маалыматтар бар. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги элчинин кечээги маалымат жыйыны боюнча комментарийинде билдирди.

Министрлик элчи мамлекеттик кызматкердин жүрүм-турум эрежелерин, дипломаттык этика нормаларын бузганын билдирет.

«Элчинин өзүнүн туура эмес иштери боюнча маалыматтар тастыкталса тиешелүү органдарга жөнөтүлөт. Кылычбек Султандын мындай жүрүм-турумуна дал ошол тартип бузуулары түрткү болушу ыктымал», — дейт ТИМ.

Ошону менен катар министрлик элчинин азыркы ээлеп турган кызматы боюнча маселени да карап чыгарын, ал тараткан сөздөрдүн чын-төгүнүн териштирүүнү каалагандарга жардам көрсөтүүгө даяр экенин кошумчалады.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18