16:09, 24 сентября 2018, 24.kg

«Эйр Астана» Зууракан Каденова катышкан окуя тууралуу түшүндүрмө берди

«Эйр Астана» авиакомпаниясы 24.kg агенттигине Инчхон аба майданындагы Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин мурунку орун басары Зууракан Каденова  катышкан окуя тууралуу түшүндүрмө берди.

Маалыматка караганда, Сеул-Алматы каттамандагы борт коштоочулардын учакты учууга даярдап жаткан маалда бизнес-класстагы жүргүнчү Зууракан Каденованын «Суроолорго жооп бербей, учууга жөндөмү жок болгондугу» көнүлүн бурган. Учуунун коопсуздугу үчүн, ошондой эле жүргүнчүнүн абалынын начарлап кеткендигине байланыштуу аны ташуудан баш тартышкан.

«Бирок, Зууракан Каденова борттон чыгууга каршылык көрсөткөн, экипаж мүчөлөрү баардык жүргүнчүлөрдү учактан түшүрүүгө аргасыз болгон. Жыйынтыгында каттам 1 саат 47 мүнөт кармалууга туура келген. Зууракан Каденова кийинки күнү учуп кетти», — деп билдиришти компаниядан.

Күбөлөрдүн айтымында, ал учакта өзүн башкача алып жүргөн жана андан спирт ичимдиги жыттынып турган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18