Бишкек жана Ош шаарларындагы бала бакчаларга 42 миң 176 бала барат
Бишкек жана Ош шаарларындагы бала бакчаларга 42 миң 176 бала барат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, электрондук кезекте 4 миңден ашуун бала турат. Бишкекте 3 миң 751, Ошто 311 наристе бала бакчага барам деп күтүп жатышат.
Аталган шаарлардагы 118 бала бакчага 13 миң 794 бала электрондук кезекке турган. Дагы 1010 баланы эсепке киргизүү күтүлүүдө.