13:40, 24 сентября 2018, 24.kg

Зере Асылбекти белгисиз бирөөлөр өлтүрүп кетебиз деп дагы деле коркутушууда

Зере Асылбекти белгисиз бирөөлөр «Кыз» аттуу клипи үчүн аны өлтүрүп кетебиз деп дагы деле коркутушууда. Бул тууралуу ырчы 24.kg агенттигине билдирди.

Айтымында, ал коркутуулар тууралуу каттарды тынымсыз алып келет.

«Мен арызды милицияга бергем, аймактык тескөөчү каттоого алып, териштиребиз деген», -дейт ырчы.

Чүй ИИББсы 24.kg агенттигине текшерүү жүрүп жаткандыгын айтышты. Бирок, азыркыга чейин кылмыш ишинин эмне үчүн козголбой тургандыгын милиция тактаган жок.

«Кыз» аттуу ырдын клиби коомчулукта катуу талкуу жаратты. Социалдык түйүндүн колдонуучуларынын көбү Зере Асылбекти колдоп чыгышты.

 

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18