10:12, 24 сентября 2018, 24.kg

Жүгөрү талаасында жашынып жүргөн автоматчан кылмышкер кармала элек

Ош облусуна караштуу Кара-Суу айылынын жүгөрү талаасында жашынып жүргөн автоматчан кылмышкер 4 күндөн бери кармала элек. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, учурда кылмышкерди издөө жана кармоо иш-чаралары уланууда.

Эске салсак, 20-сентябрда саат 14:00 чамасында милицияга «издөөдө жүргөн Жылдызбек Бекмурзаевди Кара-Суудагы кафелердин биринен көрдүк» деген билдирүү түшкөн. Окуя болгон жерге милиция барып, кылмышкерди кармоо учурунда ал тартип сакчыларына ок чыгарып, качып кетүүгө үлгүргөн.

Буга чейин Жылдызбек Бекмурзаевди Бишкек ШИИБ издеп жаткан. Ал бир катар кылмыш иштерине катыштыгы бар деп изделүүдө.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18