11:19, 22 сентября 2018, 24.kg

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия имамдарды аттестациядан өткөрүү ниетинде

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия имамдарды аттестациядан өткөрүү ниетинде. Бул тууралуу аталган ведомстводон билдиришти.

Маалым болгондой, октябрда баардык мечиттердин имамдары өз билим деңгээлин көрсөтүшөт. Кыргызстан Мусулмандар дин башкармалыгынын жаңы токтому менен имамдар жогорку диний жана светтик билимге ээ болуулары керек.

Акыркы жолу дин өкүлдөрү 2016-жылы экзамен тапшырышкан. Анда имамдардын 92 пайызынын светтик билими жок болгондуктан,аттестациядан өтпөй калышкан. КМДБ жана мамлекеттик комиссия аларды окутуу боюнча чечим кабыл алышкан болчу.

Дин иштери боюнча комиссиянын маалыматына караганда, Кыргызстанда 2 миң 647 мечит бар. 107 медресе, 10 ислам институту жана 3000 миңге жакын имам бар.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18