17:07, 21 сентября 2018, 24.kg

Кыргызстанда айдоочулук күбөлүк алуу боюнча жаңы эрежелер киргизилди

Кыргызстанда айдоочулук күбөлүк алуу боюнча жаңы эрежелер киргизилди. Мындан ары жарандар автомектепти бүткөндөн кийин белгилүү мөөнөттүн ичинде экзамен тапшырууга жетишип калышы керек. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев айдоочулук күбөлүктү алууга киргизилген жаңы эрежелер боюнча токтомго кол койду.

Маалыматка караганда, 2016-жылдын 1-январына чейин окуп, бирок 2018-жылдын 1-октябрына чейин экзамен тапшырбаган кыргызстандыктар кайрадан окууга милдеттендирилет. Окугандыгы тууралуу берилген күбөлүктүн мөөнөтү алты айды түзөт. Жарандар ушул убакыттын аралыгында тийиштүү органдарга барып экзамен тапшырып, айдоочулук күбөлүгүн колуна алат.

Эгер алты айдан кечигип кала турган болсо кайра башынан автомектепке барып окуш керек болот.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18