Тажикстанда чоң апа небересин тирүүлөй көмүп таштаган
Тажикстандын Жоми районунда тергөөчүлөр үч жашар баланын өлүмүн иликтөөдө. Шектүү катары наристенин 58 жаштагы чоң апасы Ходжарой Ашурова кармалды. Сурак учурунда Бохтар шаарындагы тергөө абагында отурган аял кылмыш жасаганын монуна алган. Кылмыш кодексинин «Киши өлтүрүү» беренеси боюнча иш козголду.
Үч жашар Бехрузжондун атасы Гүлмурод Ашуровдун айтымында, трагедия 12-сентябрда болгон.
Тажикстан ИИМинин маалыматы боюнча тергөө тобу чоң апа небересин тирүүлөй көмүп таштаганын аныктаган. Навобод айлынын башчысы Мусо Зохиров кылмыш болгон жердеги тергөө экспериментине катышкан. «Ходжарой Ашурова небересин кантип тирүүлөй көмүп таштаганын көрсөттү. Бала кыймылдап жатканын көрүп, өлтүргөнүн мойнуна алды. Биз шумдукту нерсени көрдүк — баланын денеси тытылып, бир колу жок экен, буттары өз-өзүнчө жатыптыр, ичи жарылып кетиптир», — деди айыл башчысы.
Киши өлтүрүү учурунда Ходжарой Ашурованын акыл-эси ордунда болгон-болбогону да белгисиз.