09:41, 21 сентября 2018, 24.kg

Кубанычбек Кулматовдун жубайы жолдошу менен жолугуу үчүн 7 жолу УКМКга кайрылган

Кубанычбек Кулматовдун жубайы Жамиля Кулматова УКМКнын төрагасы Идрис Кадыркуловго жолдошу менен жолуктуруп коюу үчүн, 7 жолу кайрылган. Бул тууралуу Жамиля Кулматова өзү 24.kg агенттигине билдирди.

 

«ЖМК аркылуу УКМКга үйлөнгөндүгүбүз тууралуу документти көрсөтпөгөндүгүмдү билдим. Бирок, менден ал документти талап кылышкан эмес. Учурда колумда документим бар», — деди Жамиля Кулматова.

Айтымында, анын дарегине айтылган айыптар негизсиз. Ошондой эле Кубанычбек Кулматовду кыргыз жарандыгынан ажыратуу акылга сыйбай турган иш.

Эске салсак, Кубанычбек Кулматовго жемкорлук айыбы тагылып, УКМКнын тергөө абагына камакка алынган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18