08:39, 21 сентября 2018, 24.kg

ЕБдин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жаңы башчысы дайындалды

Европа биримдигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жаңы башчысы болуп Эдуард Ауэр дайындалды.  Ал өлкөнүн тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевге ишеним грамотасын тапшырып, өз милдеттерин аткарууга киришти.

Өкүлчүлүктүн маалыматына караганда, жолугушууда Ауэр менен Абдылдаев билим берүү, укук үстөмдүгү жана аймактарды комплекстүү өнүктүрүү тармактары боюнча кызматташууга кызыктар экендиктерин дагы бир жолу ырасташты.

Жаңы дайындалган өкүлчүлүк башчысы Евробиримдик Кыргызстандагы демократия менен адам укуктарын бекемдөөгө багытталган жараяндарды колдой турганын белгиледи.

Эдуар Аэур буга чейин кеңсеси Брюсселде жайгашкан Европанын тышкы байланыштар кызматынын Батыш Балкан боюнча бөлүмүнүн башчысы болгон. Ага чейин ЕБдин Тажикстандагы өкүлчүлүгүн жетектеген.

ЕБдин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн мурдагы башчысы Чезаре Де Монтис өз миссиясын былтыр октябрда аяктаган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18