17:26, 20 сентября 2018, 24.kg

Улан Саляновдун өлүмү боюнча соттук отурумда жаңжал чыкты

Биринчи май райондук сотунда мурунку башкы прокурор Аида Салянованын иниси Улан Саляновдун өлүмү боюнча соттук отурумда залга өлтүрүлгөн Улан Саляновдун бир нече тарапташтары кирип келишти. Алар айыпталуучунун жанына барууга аракет кылышканда, аларды конвоирлер токтотуп калышты.

Эки тараптуу тирешүүдөн кийин сот залга кирип келгендерди чыгарууну талап кылды.

Иш боюнча негизги күнөөлүү катары 32 жаштагы Эрмек Осмонкулов сурак берди. Жыйынтыгында ал күнөөнү толугу менен мойнуна алды. Маалыматка караганда, кылмышкер Макаров үлгүсүндөгү тапанча менен Ош шаарында каракчылык менен тоноо иштерин жасаган. Ошол эле тапанча менен Улан Саляновду өлтүргөнү аныкталды.

Эске салсак, Улан Саляновду былтыр 5-ноябрда өз үйүнөн өлтүрүп кетишкен.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18