16:52, 20 сентября 2018, 24.kg

Улан Саляновду өлтүргөн кылмышкер күнөөнү мойнуна алды

Биринчи Май райондук сотунда мурунку башкы прокурор Аида Салянованын бир тууганы Улан Саляновдун өлүмү боюнча кылмыш иши каралып жатат.
 

Иш боюнча негизги күнөөлүү катары 32 жаштагы Эрмек Осмонкулов сурак берди. Жыйынтыгында ал күнөөнү толугу менен мойнуна алды. Маалыматка караганда, кылмышкер Макаров үлгүсүндөгү тапанча менен Ош шаарында каракчылык менен тоноо иштерин жасаган. Ошол эле тапанча менен Улан Саляновду өлтүргөнү аныкталды.

Эске салсак, Улан Саляновду былтыр 5-ноябрда өз үйүнөн өлтүрүп кетишкен.

 
 
Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18