10:21, 20 сентября 2018, 24.kg

Ошто тил мыйзамдарына жооп бербеген 121 дубалга илинген жарнактар алынып салынды

Ош шаарында бир жарым айдан бери жүргүзүлүп жаткан рейддин жыйынтыгы чыкты. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, рейддин жүрүшүндө мыйзамсыз курулуштар, тосулган тротуарлар жана тил мыйзамынын талаптарына жооп бербеген көрнөк-жарнактар текшерүүгө алынган.

Жыйынтыгында мыйзамсыз делген 24 даана соода түйүндөрү, 5 контейнер, 6 унаа гаражы, узундугу жалпы 200 метрди түзгөн жеңил типтеги тосмолор, капиталдык курулуштагы узундугу 50 метрден ашуун тосмолор, 6 бастырма, 3 даана капиталдык курулуш, 18 даана мангал, 7 тандыр жана 2 бут кийим оңдоочу алынып салынды.

Ошондой эле, тил мыйзамдарына жооп бербеген 121 дубалга илинген жарнактар, 48 жарнак тактайчалары алынды.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18