16:05, 19 сентября 2018, 24.kg

Айтматовдун 90 жылдыгы. Чыгармачылыгына арналган 30дан ашуун китеп жарык көрдү

Улуу жазуучу Чынгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесине карата анын чыгармачылыгына арналган 30дан ашуун китеп жарык көрдү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн Улуттук илимдер академиясынын Чыңгыз Айтматов атындагы тил жана адабият институтунун директору, академик Абдылдажан Акматалиевди кабыл алды. Анда жазуучунун 90 жылдык юбилейин өткөрүүнүн алкагында сөз болду.

«Жазуучунун чыгармачылыгына арналган 30дан ашуун китептерди, Айтматовдун чыгармалар жыйнактарын кыргыз жана орус тилдеринде чыгаруу тууралуу Өкмөттүн тапшырмасы аткарылды. Бардык болжолдонгон чыгармалар даярдалып, басмадан чыгарылды», -деди Абдылдажан Акматалиев.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18