14:17, 19 сентября 2018, 24.kg

Тажикстанда кош никеге турган ишкер соттолду

Тажикстанда мунай продукцияларын сатуу менен алектенген «Умед-88» компаниясынын ээси Ражабали Одинаев сот жараяны учурунда кош никеге турганы үчүн гана күнөөлүү экенин билдирди.

Тажикстандын Жогорку соту 17-сентябрда «Умед-88» компаниясынын ээси Ражабали Одинаевди 24 жылга эркинен ажыраткан. Бирок мүлкүн мамлекеттин карамагына өткөрүү чечимин кабыл алган эмес.

Ага насыя катары берилген ири сумманы уурдоо, кызмат абалын кыянат пайдалануу жана ишенип берилген акчаны коротуу айыптары тагылган.

Ражабали Одинаевдин адвокаттарынын биринин айтымында, ал Кылмыш кодексинин сегиз беренеси боюнча айыпталган. Бирок тагылган күнөөлөрдү такыр мойнуна алган эмес. 


Раджабали Одинаев менен «Умед-88» компаниясынын директору Идибек Ибрагимов былтыр күзүндө камалган. Андан бир нече күн мурда президент Эмомали Рахмон Каржы министрлиги түшүнүксүз жолдор менен «Умед-88ге» мамлекеттик бюджеттен 170 миллион сомони насыя берген деп сынга алган. Мамлекет башчынын айтымында, компания ал акчаларды эки жылдан бери мамлекетке кайтарып берген эмес.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18