14:05, 19 сентября 2018, 24.kg

БУУнун комитети Кыргызстанды аялдардын укугун коргоого үндөдү

Улуттар Уюмунун Аялдарга каршы дискриминацияны жоюу комитети кыргыз бийлигин адам укуктарын бузуп, «кыз ала качууга жана күчтөп үй-бүлө курууга» такай жол берип жатканын сындады.

18-сентябрда Женевада жарыяланган доклад комитеттин эки мүчөсүнүн купуя иликтөөсүнүн негизинде жазылган.

Докладда жабырлануучулар укуктук билиминин жетишсиздигинен жана расмий органдардын көңүл коштугунан улам акыйкаттыкка жете албай жатканы белгиленет.

Докладдын авторлорунун бири Лия Надариа «Кыз ала качуу жана күчтөп үй-бүлө куруу улуттук салт катары кабылданбай, кылмыш деп каралып, ага күнөөлүүлөр өз курмандыктарын зордук-зомбулукка мажбурлаган кылмыш катары саналышы керек», — деп белгилейт.

БУУнун комитети Кыргызстанды кыз ала качууга жана башка сексуалдык мүнөздөгү кылмыштардын алдын алууда, иликтөөдө жана кылмышкерлерди жазалоодо мыйзамдарын чындоого үндөйт.

Кыргызстан Женевадагы комитетке 2019-жылдын мартына чейин бул багытта аткарылган иштер боюнча билдирүүгө милдеттүү.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18