17:13, 17 сентября 2018, 24.kg

Депутат: Кыргызстан Гиннестин китебине кириши мүмкүн

Жогорку Кеңештин депутаты Садык Шер-Нияз Каржы министри Адылбек Касымалиевге кайрылып, маданият чөйрөсүнө көп көңүл бурууга чакырды.

«Биз 18 миллион долларды ЖЭБдин түтүктөрүн оңдоо үчүн короттук. Канчалаган сумма Тарых музейинен желип кетти. Бирок, маданиятка келгенде эле акча жок болуп калат», — деди депутат.

Садык Шер-Нияз Тарых музейинин ремонту тууралуу айтып жатып, жакында Кыргызстан Гиннестин китебине кириши мүмкүн деди. Айтымында, эми тарыхтан уурдап башташты.

«Сиздер маданиятка болгон мамилени өзгөртүшүңүз керек. Эл ансыз болушу мүмкүн эмес», — деди депутат. Айтымында, учурда өлкө аймагында СССРдин 4 эл артисти жашайт. Алардын пенсиясы өтө аз.

«Мен 3 жылдан бери пенсияларын көбөйтүүнү суранып келем, бирок жыйынтык жок», — деди Садык Шер-Нияз.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18