16:50, 17 сентября 2018, 24.kg

Ишкерлердин укуктарын коргоо максатында Бизнес-омбудсмен институту киргизилет

Ишкерлердин укуктарын коргоо максатында Бизнес-омбудсмен институту киргизилет. Ал эми Кыргызстанды Туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин алдында өнөр жайды өнүктүрүү Комитети түзүлөт. Бул тууралуу gрезидент Сооронбай Жээнбеков бүгүн «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында өткөн Кыргызстандын бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен жолугушуунун жыйынтыгында билдирди.

«Биз көзөмөлдөөчү жана укук коргоо органдарындагы кемчиликтер менен күрөш жүргүзөбүз. Ошондуктан ишкерлердин укуктарын коргоо максатында Бизнес-омбудсмен институту киргизилет.Өнөр жай саясатыбызды өзүбүз аныктоочу мезгил келди. Ушул максат менен Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин алдында өнөр жайды өнүктүрүү Комитети түзүлөт», -деп маалымдады gрезидент Сооронбай Жээнбеков.

Комитет коомдук башталышта иштейт. Анын статусун жогорулатуу үчүн Мамлекет башчысы ага алдыңкы бизнес-ассоциациялардын жана эл аралык компаниялардын өкүлдөрүн киргизүү зарылдыгын белгилеп, жолугушуунун катышуучуларын Комитеттин ишине катышууга чакырды.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18