13:45, 17 сентября 2018, 24.kg

Борбор Азия өлкөлөрүнүн муфтийлери ислам туризмин өнүктүрүшөт

Кыргызстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын жана Казакстандын муфтийлери чөлкөмдө исламдагы туризмди өнүктүрүүнү макулдашышты. Бишкекте өткөн «Руханий Жибек жолу» конференциясынын алкагында төрт өлкөнүн мусулмандар башкармалыктарынын башчылары жолугуп, макулдашууга кол коюшту.

Муфтияттын басма сөз кызматы билдиргендей, документ дин башкармалыктар ортосундагы алаканы бекемдеп, тажрыйба алмашуу, ислам дининин баалуулуктарын жайылтууга багытталган. Андан тышкары кай бир маселеде фатва чыгаруу, айт намаздарын белгилөө, билим берүү, ажылыкты уюштурууда тажрыйба бөлүшүлөт.

Дин башкармалыгы тараткан билдирүүдө муфтийлер ислам туризмин өнүктүрүү жаатында да макулдашканын айтылат. Бирок анын концепциясы тууралуу азырынча так маалымат жок.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18