13:41, 17 сентября 2018, 24.kg

Казак ТИМи Алматы аэропортундагы ыкысыз текшерүүлөрдү териштирет

Казакстандын Тышкы иштер министрлиги 14-сентябрда Кыргызстан жөнөткөн нааразылык нотасындагы фактыларды текшерип жатат. Бул тууралуу EADaily басылмасы өлкөнүн тышкы саясат мекемесинин басма сөз катчысы Айбек Смадияровго шилтеме кылып жазды.

«Биз азыр кеп конкреттүү кайсыл текшерүү фактылары жөнүндө болуп жатканын териштирип жатабыз. Казакстандын аэропортторунда коопсуздук режими бардык жүргүнчүлөр үчүн бирдей. Өткөрүү пунктарында жарандар мамлекеттик чек ара тууралуу мыйзамга ылайык суралат», — деп билдирген басма сөз катчы.

14-сентябрда Казакстандын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчиси Карим Кокрекбаев Тышкы иштер министрлигине чакыртылып, нааразылык нотасы тапшырылган. Буга «Алматы эл аралык аэропортунда кыргыз жарандарынын системалуу түрдө текшерүүгө алынып жатканы» себеп болгон.

«Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз тарап Казакстандын компетенттүү органдарынын аракеттерине тынчсыздануусун билдирип, казак элчисине ТИМдин тиешелүү нотасын тапшырды», — деп жазылган кыргыз ТИМинин билдирүүсүндө.

Аэропорттогу текшерүүлөргө байланыштуу Кыргызстан ТИМи быйыл майда дагы Казакстанга нааразылык нотасын жөнөткөн. Анда Астана текшерүүлөр «эл аралык террордук уюмдардын мүчөлөрү менен жардамчыларын аныктоо иштерине байланыштуу» экенин билдирген.

Буга чейин кыргызстандыктар Алматы аэропортунда түрдүү шылтоолор менен суракка алынып, жеке маалыматтары менен мобилдик телефондорунун IMEI-коддорун жазып алып жатышканына бир нече жолу даттанышкан.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18